Биз менен байланышыңыз

19-январда кар жаайт

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 253 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 19-20-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырат.

Эртең, 19-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Жолдордо муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM