Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Орто-Токой суу сактагычынын ижарага берилгени анык

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 1120 | 0

Министрлер кабинети Орто-Токой суу сактагычынын жеке менчик компанияга эмне себептен бергенин түшүндүргөн маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү, Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Орто-Токой суу сактагычтары балык өстүргөн жай катары катталган. Ошондой эле бардык балык өстүргөн чарбалар бирдиктүү фондго баш ийет.

Айта кете турган жагдай, Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти бул фонддун негизги пайдалануучусу катары көлмөлөрдү, көлдөрдү, суу сактагычтарды мыйзамда бекитилген тартипте, ачык тендердин негизинде юридикалык жана жеке тараптарга 10 жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө укуктуу.

Буга байланыштуу департамент ижарага берүү комиссиясынын 2021-жылдын 16-июлундагы чечими менен Орто-Токой суу сактагычына балык өстүрүү боюнча тендер жарыялаган. Андан «Орто-Токой ынтымагы» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, ошол эле жылдын 2-августунда департамент менен ЖЧК келишим түзгөн.

Кошумчалай кетсек, балык чарба департаменти балык багылган көлмө-сууларды гана пайдаланууга берет, суу агызуу, ага караштуу имаратты, шлюздарды, гидротезхникалык курулмаларды жабдуу иштерин жасоого укук берилген эмес.

Ошол эле учурда балык уулоо атайын эреженин негизинде, тактап айтканда, ижарага алган тараптан карточка сатып алуу менен гана жүргүзүлөт, каалаган учурда барып балык кармай берүүгө уруксат берилбейт.

Эске салсак, 12-январда «СЕЙЧАС KG» Телеграм-каналына балыкчылар кайрылып, Орто-Токой суу сактагычына кире албай жатышканын, ал жердин көзөмөлчүлөрү суу сактагычтын ижарага берилип кеткенин айтышканын маалымдаган. Бул маселе боюнча 24.kg маалымат агенттиги Айыл чарба министрлигине суроо салып, ал жер чындап эле жеке менчик компаниянын ижарасында экенин тактаган.

Орто-Токой суу сактагычы Кочкор району менен Балыкчы шаарынын ортосуна курулган. Курулуш иштери 1940-жылы башталып, 1960-жылы аяктаган. Башкы куймасы Чүй дарыясы болуп эсептелет. Суусу Чүй облусундагы жана Казакстандын түндүгүндөгү аңыз-шалбааларды сугарууга пайдаланылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM