Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясынын алдындагы тосмо жана күркө алынды

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 239 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мэриянын астындагы күркөнү жана эки шлагбаумду алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жасалган.

Эске салсак, буга чейин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин, Мамлекеттик салык кызматын курчаган темир тосмо алынган.

Тосмолорду бузуу 2020-жылдын 6-ноябрында Ак үйдүн айланасын тазалоодон баштаган.

Курулуш башкармалыгы мыйзамсыз көрүнүштөрдү байкап калгандар болсо, социалдык тармактагы баракчаларына байланышып коюусун өтүнөт.

Facebook: Управление землепользования и строительства мэрии г. Бишкек 

Instagram: uzs@bishkek.kg

Twitter: Управление землепользования и стр-ва мэрии (УЗС)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM