Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Бир суткада өлкө боюнча 14 жерден өрт чыккан

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 168 | 0

Кечээ, 17-январда өлкө боюнча 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 1 Талас облусунда 1 өрт чыккан.

Алсак, Аксы, Алай, Аламүдүн райондорунда турак үй, Араван районунда мектеп, Кадамжай районунда бала бакча, Бишкек шаарында кафе, Ош шаарында бассейн, Кадамжай районунда азык-түлүк дүкөнү, Кара-Суу районунда сарай өрттөнгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 20 бөлүмү барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM