Биз менен байланышыңыз

Президент Мадумаров жана Нарматова боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 1562 | 1

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров жана Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы тууралуу суроого жооп берди.

Журналист эки депутат тең суракка чакырылышына президентти жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди күнөөлөгөнүн айтып, бул чынында саясий куугунтукпу деп сураган.

Садыр Жапаров коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өздөрү таза болушу керек экенин айтты.

«Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең «беттери калың» экен. Кыргызда «Кыз боозуп, энесин коркутат» деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле», — дейт Садыр Жапаров.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип чыккан. Ал бүгүн да суракка чакырылганы кабарланды. Ошондой эле эл өкүлү Орозайым Нарматова да Атайын кызматка суракка чакырылган. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинен дипломду мыйзамсыз алган деген айып коюлду.

1 пикир

1 пикир

  1. Тороайым

    17.01.2022 16:29

    Садыр Жапаров! акылду инсан,жакшы иштеп жатат мындай ажообуз ка ийгилик каалайм Садыр Жапаров ту коралбаган дар жамандап бутпой жатышат кудайым колдосун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM