Биз менен байланышыңыз

Африкада тарыхтагы алгачкы «социалдык тармактын» изи табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 217 | 0

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң эски социалдык тармакты табышты. Ал мындан 50 миң жыл мурун пайда болгонун Nature басылмасы жазды.

Тармак төө куштун жумурткасынын кабыгынан жасалган шуру-мончокторду сатууга же буюм-тайымдарга алмаштырууга негизделип, адамзат ойлоп тапкан алгачкы ачылыш болгон.

Германиянын окумуштуулары Африканын түштүгүнөн жана чыгышынан табылган 1500дөн ашуун мончокту изилдешкен. Изилдөө үчүн казылган аймак 1800 милди (2900 км) түзгөн. Окумуштуулар мончоктордун диаметрин, колдонулган кабыктын калыңдыгын, көзөнөгүн салыштырып көрүшүп, болжол менен 50 миң жыл мурун адамзат дээрлик бирдей жасалгаларды жасай баштаганын аныкташкан.

Мончокторду жасаган зергерлер жашаган аймактар бири-биринен бир канча чакырым алыстыкта жайгашкан. А бирок жасаган буюмдары анчейин айырмалана бербегендиктен, буларды байланыштырып турган кандайдыр бир нерсе болушу мүмкүн экенин болжолдошот окумуштуулар.

Жумуртканын кабыгынан жасалган мончоктор зергерликтин эң алгачкы стандартташтырылган түрү болгон. Бул адамзаттын эң байыркы маданий салттарынын бири менен байланышкан. Археологиялык катмарлардагы жасалгалардын көптүгү социалдык карым-катнаштардын көптүгүн көрсөтүп турат.

Бул оймо-чиймелерди жасоо менен адамдар биринчи жолу баштапкы материалдын табигый көлөмүнө же формасына таянбастан, түрдүү стилдердин пайда болушуна негиз түзүшкөн. Үлгүлөр изилдөөчүлөргө байыркы жамааттардын маданий байланыштарын байкай турган жолду көрсөттү.

Болжол менен 33 миң жыл мурун мончоктор Африканын түштүгүндө жок болуп, чыгышта гана калган. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деп божомолдошууда.

Буга чейин окумуштуулар Эфиопиядан келген гомосапиенстин калдыктарынын жашын аныкташкан. Алардын жашы 200 миң жылдан ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM