Биз менен байланышыңыз

Эң пайдалуу 10 жашылча-жемишти билип алыңыз

Блог , Ден соолук | 17 Янв 2022 | 4692 | 0

Адам баласынын организми жакшы иштеши үчүн микроэлементтерге муктаж. Табигый витаминдерди дүкөндөрдөн оңой таба аласыз. Дүйнөдөгү эң пайдалуу жашылча-жемиштердин катарына авокадо, брокколи, сарымсак, чиа уруктары, шпинат, киноа, балык, анар, сабиз жана лимон кирет. Алар уникалдуу микроэлементтерден туруп, адамдын ден соолугуна жакшы таасир тийгизе алат.

Авокадо

Авокадонун целлюлозасында организмге керектүү дээрлик бардык витаминдер бар: A, B, C, E, K жана PP. Бул жемиштен адам темир, кальций, калий, фосфор, магний, натрий жана марганец алат. Анын курамында организм үчүн өтө маанилүү болгон фолий кислотасы да бар. Авокадо майы жөнөкөй майга караганда D витаминине өтө бай.

Авокадо бат арыктайм дегендерге сунушталат. Авокадону туура колдонуу холестеринди азайтат, эс тутумду жакшыртат жана Альцгеймер оорусунун пайда болуу коркунучун азайтат. Авокадо маскасы беттеги бырышты жакшы кетирет. Анткен менен кабыгында, данегинде аллергия чакырга персин уулуу заты болгондуктан этин гана жеш керек.

Брокколи

Брокколинин курамында А, В1, В2, В3, В5, В6, С жана К витаминдери бар. Ошол эле учурда адам организмине керектүү магний, калий, кальций, темир, кобальт, жез жана хром менен бар. Ошол эле учурда брокколинин калориясы аз келип, арыктоого жардам берет.

Брокколи балдарга жана кош бойлуу аялдарга пайдалуу. Фолий кислотасы жана витаминдер организмдин жакшы калыптанышына өбөлгө түзөт. Биолог Субхенду Мукерджи брокколини жүрөктүн иштешине жакшы таасир этерин белгилейт. Жашылчанын курамы зат алмашууну жогорулатканы менен өтө кычкыл келип, ичеги-кардында оорусу барлар колдонууга болбойт.

Чиа уруктары

Чиа үрөнү протеинге жана клетчаткага бай келип бат тойгузат. Мындан тышкары уруктар жүрөккө, кан айланууга зарыл болгон омега-3 жана омега-6 май кислоталары бар. Майлар Е витамини менен бирге бат картайып кетүүдөн коргойт.

Чиа уруктары биоактивдүү пептиддердин булагы болуп саналат. Мындан тышкары алар цинк, кальций, фосфор жана калийге бай. Сөөктү бекемдеген касиетке ээ болгондуктан кемирчеги ката элек балдарга, улгайгандарга өтө пайдалуу. Таңкы тамакта чиа уруктарын жеп жүргөн адам физикалык жактан да, психикалык жактан да күчтүү болот. Мындан улам спортчуларга, интеллектуалдык эмгек менен алектенгендерге көбүрөөк сунушталат. Анткен менен күнүнө бир же эки кашыктан ашык жегенге болбойт, өлчөмүнөн ашыра жеп алуу ашказанда диареяны пайда кылат.

Сабиз

Сабиз В, РР, С, К, Е витаминдерине бай. Сабиздин курамындагы каротин – адамдын организмине эң керектүү зат.

Сабиз көздүн көрүүсүнө жакшы жардам берет. Витаминдердин жана микроэлементтердин комплекси көздүн торчосун бекемдөөгө жардам берет, ошондой эле өпкөнүн иштешине оң таасирин тийгизет.

Шпинат

Шпинат иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. 100 г шпинаттын курамында С витамининин суткалык дозасынын жарымына жакыны болот. Көк чөптөрдүн курамындагы А витамининин чоң көлөмү токсиндерден арылат. Мындан тышкары шпинат сезгенүүнү азайтууга жардам берет.

Шпинаттын курамында өсүмдүк протеиндери көп. Курамындагы аминокислоталар булчуңду чыңоого жардам берет. Анын курамындагы магний нерв системасынын иштөөсүн жакшыртат. Шпинат рак оорусунун, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат, сөөктү бекемдейт. Ошол эле учурда курамында оксал кислотасы да болгондуктан, ашказан жарасы, ичеги-карын ооруларынан жабыркагандарга сунушталбайт.

Киноа

Киноа — магний, белок жана клетчаткага бай дан. Ал барган сайын популярдуу болуп баратат, аны супермаркеттен оңой эле сатып алсаңыз болот. Дандын курамында глютен жок. Киноанын негизги пайдасы аны жеп, бир эле учурда тогуз маанилүү аминокислотаны ала аласыз.

Киноа иммундук системаны бекемдөөгө жардам берет, кандагы канттын деңгээлин жөнгө салат, кан басымын төмөндөтөт жана нервдерди тынчтандырат. Бриттани Л.Граф жана окумуштуулар тобу киноанын жүрөк-кан тамыр системасына жана ичеги-карын жолдоруна абдан жакшы таасир этээрин далилдешкен.

Лосось балыгы

Лосось балыгы пайдалуу тамак болуп саналат. Анын этинде омега-3 май кислоталары бар. Алар бөйрөктүн иштеши үчүн маанилүү, ошол эле учурда холестериндин деңгээлин төмөндөтөт. Ошондой эле, лосось балыгы организмди булганган абадан коргоого жардамчы болот.

Лосось балыгы өтө калориялуу азык. Күнүнө 100-150 граммдан ашык жегенге болбойт, антпесе анын пайдалуу майлары зыяндуу болуп калышы толук мүмкүн. Мындан тышкары анын этинде аз өлчөмдө сымап бар, андыктан кош бойлуу аялдар абайлап жегени дурусураак.

Анар

Анардын пайдалуулугу эмнеде? Мөмө данында С, В6, В12 жана Р витаминдери, ошондой эле магний жана йод бар. Анардын ширесинде оксал, сукцин, алма, лимон, шарап сыяктуу көптөгөн кислоталар бар. Анар эритроциттердин пайда болушуна жана гемоглобиндин көбөйүшүнө өбөлгө түзгөндүктөн, кан жана жүрөк оорулары бар адамдар үчүн абдан пайдалуу.

Анардын ширесин суюлтуп гана ичсе болот, антпесе кислоталар ашказанга зыян келтирет. Жара жана гастритке ширесин ичүү сунушталбайт.

Сарымсак

Сарымсак антибиотик жашылча катары каралат. Мисалы, тамак сиңирүүгө жардам берип, тамырда кан уюп калуусунун алдын алат. Сасык тумоону дарылоого жакшы азык.

Сарымсактын курамында пайдалуу заттар көп болгону менен күнүнө 5 граммдан ашык жегенге болбойт.

Лимон

Лимон иммунитетти бекемдейт, инфаркт болуу, инсульт алуу коркунучун азайтат, бөйрөктөгү таштарды эритүүгө жардам берет.

Бардык азык ден соолукка пайдалуу, болгону өлчөмү менен пайдаланганды билүү зарыл. Өлчөмүнөн ашыкча колдонуу пайданы зыянга айлантып коюшу толук мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM