Биз менен байланышыңыз

Нурлан Токобаев: Кыргызстанды өнүктүрүү механизмдерин сунуштайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2022 | 814 | 0

«Кыргызстандын заманбап өнүгүүсүндөгү коркунучтар жана чакырыктар» аталышында жакында эле жарык көргөн монографияны мамлекеттик кызматта отургандар колдонсо болот. Мындай пикири менен илимий эмгектин авторлорунун бири экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул эмгекти жазуу эки жыл мурун башталган. Илимий изилдөөгө бир гана экономика илимдеринин адамдары эмес, социалдык тармактан, география тараптан, философтор, социологдор катышты.

«Экономикалык өнүгүү дегенде бүгүнкү күндө өндүрүш менен өнөр жайды түшүнүп калдык. Экономикалык өнүгүүгө өндүрүш менен өнөр жай эле таасир бербейт, бир катар факторлор да таасир берет. Алсак, жергиликтүү адамдын аң-сезими, каада-салты, үрп-адаты, анын тарыхы сыяктуу факторлор. Ошон үчүн ар тараптуу адамдар чогулду», — дейт ал.

Негизи бул илимий изилдөөнүн максаты — Кыргызстандагы көйгөйлөрдү, чакырыктарды, коркунучтарды аныктап, артыкчылыктуу багыттарды талдап, анан Кыргызстандын өнүгүү жолундагы жакшы механизмдерди, программаларды сунуштоо.

«Бул изилдөө негизинен 3 этаптан турат. Учурда биринчи этаптагы монография чыкты, биз Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү коркунучтар  жана чакырыктар, андагы көйгөйлөрдү аныктадык. Учурда экинчи монографиянын үстүндө иштеп жатабыз. Анда Кыргызстан кандай өзгөчөлүктөргө, приоритеттерге ээ экени, биз кайсы нерсеге басым жасашыбыз керек, кайсы нерсенин негизинде өнүгүшүбүз керек деген суроолорго жооп болот. Ошондой эле үчүнчү изилдөөбүз — бул көйгөйлөрдү, чакырыктарды, коркунучтарды же приоритеттүү багыттарды эле аныктап койбостон, конкреттүү бир багытты, механизмдерди сунуштайбыз», — дейт Токобаев.

Автордун айтымында, бул изилдөөнү мамлекеттик кызматта отурган чиновниктерден, министрликтерден тартып, бардык кызыкдар тараптар колдонсо болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM