Бишкектен Казакстандын шаарларына каттамдар жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Air Astana авиакомпаниясы 12 –январынан тартып Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан жана 14-январдан баштап Алматы-Бишкек-Алматы багыттары боюнча каттамдарын жандандырды.
5-январда Казакстанда боглгон баш аламандыктан улам Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба байланышы убактылуу токтотулган болчу.