Биз менен байланышыңыз

Казакстанда нааразылык акцияларында каза болгондордун саны айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 2354 | 0

Казакстандагы нааразылык акциялары менен коштогон башаламандыктарда 225 адам көз жумду. Анын ичинде катардагы жарандар жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын кылмыш куугунтуктоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Асел Артакшиновага таянып Sputnik Казакстан жазды.

Каза болгондордун 19у күч органдарынын кызматкерлери. Митингде 4578 адам жабыркап, 863 адамга стационардык жардам керек болгон. Учурда ооруканаларда 265 адам даарыланууда, анын 67си оор абалда.

Башкы прокуратуранын айтымында башаламандыкка 20 миңден ашуун адам катышкан. Жалпысынан 546 кылмыш иши козголуп, 672 шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Көзөмөл органы ошондой эле нааразылык акциялары учурунда Алматыдагы медициналык мекемелерге: 5 оорукана жана 14 дарыканага 20 кол салуу болгонун билдирди. Үч шаардык оорукана үч күн бою «курчоо абалында» болгон. Андан сырткары ошол күндөрү дарыгерлер нөөмөтсүз иштеп, ооруканаларга тамак-аш жеткирилген эмес. Азыр Алматыдагы бардык медициналык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат.

Назарбаевдин күйөө баласы кызматынан кетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM