Биз менен байланышыңыз

Назарбаевдин күйөө баласы кызматынан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 670 | 0

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын күйөөсү Димаш Досанов Казакстандын «КазТрансОйл» мамлекеттик компаниясынын башкы директору, башкармалыгынын төрагасы кызматынан кетти.

Бул тууралуу «Самрук-Казына » фонду билдирүү таратты.

Билдирүүдө «КазТрансОйл» ишканасынын директорлор кеңешинин 14-январдагы чечимине ылайык, «КазТрансОйлдун» башкы директору Д.Г.Досановдун ыйгарым укуктары берилген арызга ылайык, мөөнөтүнөн мурда токтотулганы айтылат.

Димаш Досанов өлкөнүн биринчи президентинин кызы Алия Назарбаевага үйлөнгөнүнөн көп өтпөй, «КазТрансОйл» мамлекеттик компаниясынын башкы директору болгон.

Ошондой эле  «QazaqGaz» улуттук компаниясы» ААКынын башкармалыгынын төрагасы Кайрат Шарипбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганы маалым болду. Коомчулукта ал экс-президенттин улуу кызы, Мажилистин депутаты Дарига Назарбаеванын күйөөсү катары мүнөздөлүп келет.

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин колдоосун алган эл аралык деңгээлдеги ири казак компаниялары тууралуу сөз кылып, Биринчи президенттин колдоосу менен өтө кирешелүү компаниялардын тобу жана эл аралык стандарттарга ылайык болгон өтө бай адамдардын тобу пайда болгонун белгилеген.

Казакстан президентинин бул билдирүүсү коомчулукта туңгуч президент Нурсултан Назарбаевге карата айтылган алгачкы сын катары кабыл алынган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM