Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Казакстанда кармалган төрт жаран кое берилди

Без рубрики , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 262 | 0

Бүгүн, 15-январда Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт жаран абактан кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашылган.

Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казакстандын аймагында калышаарын билдиришкен.

Өз кезегинде жарандар Кыргызстандын ИИМнин Казакстандагы өкүлчүлүгү жана Кыргызстандын Башкы консулдугуна ыраазычылык билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM