Биз менен байланышыңыз

«Билим берүүдө имараттын ремонту эмес, мугалимдин кесипкөйлүгү — маанилүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2022 | 523 | 0

Билим берүүдө маанилүүсү — окуу жайдын ремонтунун жаңылыгы, же компьютерлердин саны эмес, алардын канчалык деңгээлде окуучунун пайдасына иштеп жаткандыгында. Мындай пикири менен Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Мектепте мыкты имарат болсо, жакшы спорт залы, заманбап китепканалары болсо, балдар тончон отурбай, ак көйнөкчөн отуруп сабак өтсө, ал — жакшы. Бирок ошол эле учурда заңгыраган мектеп  билимди өзү бере албайт. Ал мектептин ичиндеги мугалим, анын сапаты эң негизгиси экенин унутуп коебуз. Мугалим күчтүү болсо, билимди бере алат. Андан сырткары көңүл чордонунда окуучу болушу керек.

«Кээде биз окуучуну биринчи кезекке койбой эле, мектептин имараты болсо, дубалы болсо, компьютери болсо дейбиз дагы, ошол болгон компьютерлер балага иштеп жатабы, бала аны колдонуп атабы, же болбосо жөн эле эмерек болуп турабы, ага маани бербейбиз. Дүйнөдө кайсы мамлекет болсо дагы негизги багыт ошол болуш керек — баланын билим алуусуна эмне бөгөт болот болуп жатат, эмне жардам берип жатат, ошону анализдеш керек. Эгер мугалимдин билими жетишпей жаткан болсо, анын билимин өркүндөтүшүбүз керек, же болбосо, баланын билим алуусуна шарттар түзүлгөнбү, ошого маани беришибиз керек», -дейт профессор.

Ал мурда министрликтин окуу жайга лицензия бериш үчүн ар бир балага/студентке 9 чарчы метр туура келиши керек деген жобосу болгонун эскертти.

«Азыркы заманда бул жобо эскирип калды десем болот. Себеби азыр студентке эмне керек?  Эң мыкты заманбап китепканалар, электрондук ресурстар, вай-фай керек. Эгер окуу жайда вай-фай жок болсо, демек бул 9 чарчы метрден көбүрөөк олуттуу. Ушуга окшогон талаптарды кайрадан карап чыгышыбыз керек», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM