Биз менен байланышыңыз

Нарматова: Өлкөнүн эң чоң маселеси Мадумаров менен Орозайым болсо кубанычтамын

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 1906 | 0

Мен ЖАМУнун ишмердиги боюнча УКМКга сурак берип чыктым, баары жакшы. Буйруса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

Анын айтымында, бардык нерсени жасоо бийликтин колунан келет.

“Эң негизгиси Кудай астында, эл астында жана өзүмдүн абийирим астында жүзүм жарык. Кудайга шүгүр мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан лупа менен текшерилип, баары таза, баары жакшы деген чечим менен шайлоодон өттүк. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу «сындырып, уят кылабыз»-дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок. Бул сыноолордун баары жакшылыкка”, — деп жазган Нарматова.

Ошондой эле ал мамлекеттин эң чоң маселеси депутат Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова болсо кубанычта экендигин кошумчалаган.

Эске салсак, УКМК буга чейин Нарматованын ЖАМУдан алган димлому мыйзамсыз экендигине байланыштуу суракка чыкырылгандыгын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM