Биз менен байланышыңыз

«Ун тартыштыгы боюнча кооптонууларга негиз жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2022 | 634 | 0

Кыргызстанда ун тартыштыгы жаралат деген кооптонууларга негиз жок. Мындай пикирин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ассоциация ар дайым 2 айга жетерлик унду запаста кармайт. Чек аралар жабылып калган күндө деле унду ташуу токтобойт.

«Бизде азыр 2 айга жетерлик ун бар. Бирок азыр деле ун ташылып келип жатат. Жергиликтүү фермерлерде да өздөрүнүн буудайлары бар, бирок көлөмү азыраак. Буудай темир жол аркылуу ташылгандыктан, чек ара жабылып калган күндө деле вагон менен келе берет», — дейт ал.

Баа жагына келсек, Казакстанда былтыр кургакчылык болуп, эгин аз болуп калгандыктан, буудайынын баасы мурункудан 20%га кымбатыраак болууда. Тактап айтканда, бир кап казак уну 1800-2000 сомго бааланууда. Ал эми Орусиядан ташылып келген буудай унунун (1-сорт) бир кабы 1500-1550 сомдон болууда. Учурда элге унду арзаныраак берүү максатында тегирменчилердин баары буудайды Орусиядан сатып келип, кампаларына толтуруп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM