Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жараткан чиркегич алынды

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 149 | 0

Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратып жаткан көчмө дүкөн алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда тротуарга өтө жакын орнотулган, өзгөчө түнкүсүн «сокур зона» болуп, жүргүнчүлөргө, айдоочуларга коркунуч жараткан көчмө дүкөн боюнча видео тараган.

Көчмө дүкөн Чокморов көчөсүнүн боюнда Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрүнүн ортосунда, №6 мектеп-гимназиясынын маңдайында жайгашкан.

Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери, Бишкек ШИИБ менен биргеликте тез арада жерине барышып, дөңгөлөктүү коммерциялык объект жол эрежесин одоно бузуу менен орнотулганын аныктап, эвакуатор менен алынып кетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM