Биз менен байланышыңыз

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Бишкектен батирлер тапшырылды (Сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 14 Янв 2022 | 602 | 0

Токио Олимпиадасынын жана Дүйнө чемпиондугунун байге ээлерине Бишкектен батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбековага, Мээрим Жуманазаровага жана Айпери Медет кызына батирлердин ачкычын тапшырды.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батир, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир берилди.

Мындан тышкары негизги жана улук машыктыруучулар Руслан Маджинов, Ислам Тазабеков жана Нурлат Такировдор акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Буга чейин Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовго Ош шаарынан 2 бөлмөлүү батир белекке берилгени маалымдалган.

Ошондой эле, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM