Биз менен байланышыңыз

Баштапкы капиталы 1 млрд сомдук «Кыргызиндустрия» компаниясы түзүлдү

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 335 | 0

Уставдык капиталында мамлекеттин 100 % катышуусу менен «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызиндустрия» компаниясынын уставдык капиталы 1 млрд сом.

Аталаган компаниянын түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү болот.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM