Биз менен байланышыңыз

Адис: Аялдарга өз резус-факторун билүү маанилүү

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2022 | 659 | 0

Ар бир адам өзүнүн резус-факторун билиши керек. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, резус-фактор көбүнчө аял кишиге маанилүү. Анткени аял болочоктогу эне болгондуктан, баланын ден соолугу андан көз каранды. Резус-фактордун медицинада эки түрү бар: оң резус жана терс резус.

«Бул эмнеден улам келип чыгат? Биздин кызыл кан клеткаларыбыз — эритроциттер, алардын үстүндө бир белок болот — Д белогу. Эгер бул белок жок болсо, терс резус болуп эсептелет. Эгер бул белок бар болсо, анда оң резус болот. Бирок кээ бир адамдардын белогу жок болгондуктан, алардын каны терс резуста болот. Ошондуктан бул аял кишилерге маанилүү, анткени эгер болочоктогу эненин канынын резусу терс болсо, күйөөсүнүкү оң болсо, боюндагы баланын да каны оң болот. Ошондо аял кишинин организми менен баланын организми дал келбестен, аял кишинин организми баланын организмине карата антитело иштеп чыга баштайт. Алар балага зыян келтирип, аялдын боюнан түшүп калышы мүмкүн, же болбосо, бала ар кандай оорулуу болуп төрөлүүсү мүмкүн», — дейт адис.

Ошондуктан муну эрте билип, врачка барганда айтышы керек. Убагында аныкталса, аялга иммуноглобулин берилет. Ошондо балага зыяны болбойт жана бала дени сак төрөлөт. Ал эми иммуноглобулин өз убагында берилбей калса, эненин организминде болочоктогу балдарына зыяны тие турган антителалар иштелип чыгып, кийинки балдарынын баары оорулуу төрөлө бериши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM