Биз менен байланышыңыз

«Дени сак балалуу болуу үчүн эрте кам көрүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2022 | 836 | 0

Дени сак балалуу болуу жана аялдын ден соолугун сактап калуу үчүн үй-бүлөнү пландаштырууда эрте кам көрүшү керек. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бала 15 жашка чыкканда эле гормондорунда өзгөрүү байкалат. Ошондон тартып эркек бала жылына жок дегенде бир жолу уролог-андрологго кайрылып, өзүнүн ден соолугун байкап туруусу керек. Эгерде эркек балада жыныстык жол аркылуу жуккан оору болсо, бул ооруну дарылоо керек. Анткени үйлөнгөндө ал аялына жугуп, же аялынан баласына да өтүп кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлө курганга чейин өзүн текшертип туруусу зарыл.

«Мисалы, кээ бир эркек кишилер инфекция менен ооруганын билбей жүрө бериши мүмкүн. Ошондуктан болочоктогу жубайынын дени сак болсун, баласынын дени сак болсун десе, урологго кайрылып турсун. Ал эми аял кишинин ден соолугу тууралуу айтып кетсек, болочоктогу баланын ден соолугу түздөн-түз аял кишиден көз каранды, анткени болгон витаминдер, балага керектүү нерсенин баары аял кишинин организминен алынат. Ошондуктан үй-бүлөнү пландаштырууда аял киши өзүнүн ден соолугун карашы зарыл», — дейт ал.

Аял киши балалуу болууну пландаган учурда гинекологго кайрылып, кандын анализин,  гормондорго, инфекцияларга анализ тапшырышы керек. Күйөөсү дагы инфекцияларга текшерилгени оң.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM