Биз менен байланышыңыз

АКШда «омикрондун» айынан донордук кан жетишсиз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 301 | 0

АКШда донордук кан топтоо жетишсиз болуп баштады. Бул тууралуу «Кызыл Крест» уюму билдирди.

Мындай мүчүлүштүктүн себеби COVID-19дун «омикрон» штаммынын кескин жайылып кетиши экени айтылды. Тактап айтканда, коронавирус жугузган донорлор көп болуп, атайын борборлор жетиштүү кан топтой албай калып жатышат.

Буга байланыштуу АКШ ооруканаларынын 40%ын донордук кан менен камсыздаган «Кызыл Крест» уюму чектөө киргизүүгө аргасыз болууда.

Учурда АКШда күнүнө бир жарым миллионго чукул адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM