Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев Асман шаарынын курулушуна каршы пикирин билдирди

Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 4833 | 0

Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу үчүн экспертиза дайындалышы шарт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, биринчи кезекте «эмне курулат, качан башталат, инфраструктура кандай болот, акча кайдан келет?» деген суроолордун так жообу болушу керек.

«Жергиликтүү элдин пикири өтө маанилүү, алардын уруксаты керек. Көлдүн элинин саны 540 миңге жакын. Асман шаарына 500 миң адам жашайт дешет. Долбоорун көрө элекпиз. Биринчи «эмне курулат, качан башталат, инфраструктура кандай болот, акча кайдан келет?» деген суроолорго так жооп берилиши керек. Баштап коюп токтоп калбайбы? Айтор, суроолор көп. Жооп алмайынча иш башталышына каршымын! Кылмышка шектелген жарандын жетекчи болушу да такыр эле болбогон нерсе. Улуттук деңгээлдеги долбоорлор жалпы элдик талкууга коюлуп, анан гана башталышы керек. Туура, так, ишке ашса — эң сонун иш-чара», — деп жазган Түлөбаев.

Эске салсак, 2021-жылдын 21-октябрында Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин мурунку төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Жакында эле Ишкер Тимур Файзиев жаңы курула турган Асман шаарынын долбоорунун жетекчиси болуп дайындалганын өзү жарыялап, коомчулукта нааразы пикирлерди пайда кылган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон токтомдун сүрөтү да интернет булактарына тараган.

Файзиевдин айтуусунда, Асман шаарын куруу 5-8-жылга пландалган. Учурда ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жаңы калаа 500 миң адамга ылайыкталып курула турганын да кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM