Биз менен байланышыңыз

Дарыгер «омикрон» жугузган бейтаптарда оору кандай өтүп жатканын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2022 | 9315 | 0

Учурда вирус жуктургандардын 70%ында оору сасык тумоодой өтүп жатат. Бул тууралуу Эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Султан Суранбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус Кыргызстанга келгенден тартып, өлкө 3 чоң толкунду башынан өткөрдү. Ал убакыт аралыгында коронавирустун мутацияланган бир топ штаммдары кирди. Баарынан да Ухань штаммы көп залакасын тийгизди. Анын убагында «кара июль» окуясы орун алды. «Дельта» штаммда бейтаптар орточо, орточо оор абалда көп кайрылышты.

«Биз «дельта» штаммын тез жайылат дегенбиз. «Омикрон» андан 5-7 эсеге бат жайылат. Бизде азыр «омикрондун» 2 учуру гана белгилүү болду, тез жайыларын эске алганда дагы канча болуп кеткенин так айта албайбыз. Бирок учурда 2 миңден ашык жаран дарыгерлерге кайрылса, алардын 30%ы гана ооруканага жаткырылды. Бул эмне дегенди билдирет? Демек калган 70% бейтапта оору сасык тумоо сыяктуу эле жеңил өтүүдө», — дейт ал.

Ал оорунун тез өсүп кеткенин жаңы жыл алдындагы корпоративдердин, массалык иш-чаралардын көп болушу, 10 күндүк каникул учурунда санитардык нормалардын жакшы сакталбай калышы, үчүнчүдөн, «омикрон» штаммынын тез жайылуу өзгөчөлүгү менен байланыштырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM