Биз менен байланышыңыз

Султан Суранбаев: Бишкек «кызыл зонага» кирди

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2022 | 3447 | 0

Январдын биринен тартып, коронавирус менен ооругандардын саны көбөйө баштады. Бул тууралуу Эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Султан Суранбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Суранбаев бул жагдай күтүүсүз болбогонун, дарыгерлер мындай көрсөткүчтөрдү ноябрь-декабрь айларында эле күтүшкөнүн белгиледи.

«Кечээ 465 учур катталса, бүгүн эртең мененки маалымат боюнча 742 учур катталып, алардын 730у лабораториялык жактан такталып жатат. Бул ноябрь-декабрь айларында эле күтүлүп жаткан. Бирок оору январь ичинде жогорку деңгээлде катталып жатат. Биз ар мезгил сайын үлгүлөрдү алып, Британияга, Орусияга жөнөтүп турабыз жана параллелдүү түрдө өзүбүздүн вирусологиялык лабораториябызда Фтизиатрия борборунда да изилдөөлөр жүргүзүлөт. Анда коронавирустун кайсы штаммы жүрүп жатканын аныктоо  жана өлкөдө кайсы вирус жайылып жатканын байкоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Кечээки 165 үлгүнүн ичинен «омикрон» оорусу эки оорулуудан табылды. Бул — Бишкек жана Чүй облусунун жарандары», — деди ал.

Айтымында, азыркы катталып жаткан оорулуулардын 74%-80%ы Бишкек шаарында болуп жатат. Оорунун жайылышы боюнча кийинки орунда Чүй облусу турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын башка аймактары «сары зонада» турса, Бишкек шаары «кызыл зонага» кирди.

Copyright © 2017 Maral FM