Биз менен байланышыңыз

«Ишкерлерге 30 миң ККМ аппаратты бекер берүүнү караштырып жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2022 | 788 | 0

Азыркы учурда ишкерлерге ККМ аппараттарды алууга көмөк көрсөтүү аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин фискалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Ысабеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы кирип жатканда ККМдин бир гана аппараттык түрү болсо, учурда программдык деп аталган экинчи да түрү бар. Аны телефонго, ноутбукка көчүрүп алса болот. Бул — чакан бизнес ээлерине ыңгайлуу.

«Фрунзе» сыяктуу кардарлары көп бизнеске аппараттык, секунда сайын чек чыгарып туруучу ККМ ылайыктуу. Ал эми чач тарач сыяктуу чакан бизнес ээлери программдык ККМ колдонсо болот. Учурда ал программаны Салык кызматынан бекер көчүрүп алса болот», — дейт ал.

Андан тышкары ККМ аппараттарды ишке берип, тейлөө кызматын көрсөткөн бир нече ишкер бар. Ошондой эле буга чейин Салык кызматы тарабынан миң аппарат ири ишкерлерге бекер берилсе, учурда дагы 30 миңди бекер берүү каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM