Биз менен байланышыңыз

«Жаңы салык кодекси кичи бизнеске жардам берүү максатын көздөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2022 | 549 | 0

Жаңы салык кодекси кичи бизнеске жардам берүү максатын көздөйт. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министрлигинин фискалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Ысабеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акча жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган кичи бизнес салык төлөөдөн кутулгусу келсе, көзөмөл-кассалык машинаны колдонушу керек. Анткени дал ошол ККМ ал бизнестин акча жүгүртүүсү 8 миллиондон ашпаганын аныктап берет.

«ККМдин жаңы салык кодексине түздөн-түз байланышы жок. Анткени ККМ учурда иштеп жаткан салык кодексинин беренелерине ылайык, этап-этабы менен кирип жатат. Аны ишке киргизүү этабы жаңы салык кодекси менен бир учурга туш келип калгандыктан, көпчүлүк ишкерлер жаңы кодекс боюнча ККМ колдонушу керек экен деп түшүнүп алышыптыр. Жаңы салык кодекси иштебей калса деле ККМ кире берет. Бирок анда кичи бизнес салыктан бошотулбай калат», — дейт Ысабеков.

Ал акча жүгүртүүсү жылына 8 миллион сомдон ашпагандар кичи бизнес, 8-30 млн сом жүгүрткөндөр орто, 30 миллиондон жогоркулар ири бизнес болуп саналарын кошумчалап өттү. Жаңы салык кодекси ККМди колдонуу менен кичи бизнеске, ишин жаңы баштап жаткандарга жардам берүү максатын көздөп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM