Биз менен байланышыңыз

Ибрагим Жунусовдун Өзбекстандагы дипломатиялык миссиясы аяктады

Кыска кабар , Саясат | 12 Янв 2022 | 875 | 0

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун дипломатиялык миссиясы аяктады. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 12-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ибрагим Жунусовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Министр Ибрагим Жунусовдун өзбек-кыргыз мамилелерин кеңейтүүгө жана чыңдоого кошкон салымын жогору баалады. Андан соң буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана алдыда боло турган иш-чаралардын графиги каралды.

Ибрагим Жунусов өзбек тарапка анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарт түзүп бергенине ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM