Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү белгиленди

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 216 | 0

Бүгүн, 12-январда Ош шаарында обончу Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси өткөнүн мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү алгач Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош шаардык филармониясынын алдындагы обончунун айкелине гүл коюу, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Жыйынга катышкан мэриянын кызматкерлери, Президенттин Ош облусундагы өкүлчүгү, маданият ишмерлери Абдыкадыровдун маданиятка жана искусствого кошкон өзгөчө салымын белгилеп өтүштү.

Иш-чара обончунун ырларынан түзүлгөн чакан концерт менен коштолду.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, обончу Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунда туулган. 1994-жылы 12-сентябрда көз жумган. Анын 200дөн ашуун обону учурда да ырчылардын репертуарынан түшпөй келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM