Биз менен байланышыңыз

Токмокто эки келин 300 миң сом уурдоого шектелип кармалды

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 352 | 0

Токмок шаарынан 300 миң сом уурдоого шектелип, эки келин кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милиция бөлүмүнө 3 жаран арыз менен кайрылган. Социалдык кызматкерлердин атын жамынган шылуундар биринин үйүнөн 170 миң сом, экинчисинин үйүнөн 50 миң сом, үчүнчүсүнүн үйүнөн 80 миң сом уурдап кетишкен.

Айтылган маалымат Бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен катталып, издөө, иликтөө иштери башталган.

Анын натыйжасында кылмышка шектелип, эки келин: 1989-жылы туулган И.К., 1995-жылы туулган И.А. кармалды.

Шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM