Биз менен байланышыңыз

«Омикрондон» кантип сактануу керек?

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 2847 | 0

Вирустун белгилери байкалса, үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 ишеним телефонуна кайрылуу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары департамент COVID-19га каршы эмдөөнү, ошондой эле «дельта» жана «омикрон» варианттарын кошо алганда, COVID-19 жуктуруп алуу коркунучун азайтуучу профилактикалык чараларды көрүүгө чакырат:

  • бир метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо;
  • бет кап кийүү;
  • үйдү же иш бөлмөнү бат-баттан желдетип туруу;
  • колду тез-тез жууп туруу;
  • жөтөлгөндө оозду чыканак менен же бетаарчы менен калкалоо;
  • эмдөөдөн өтүү.

Эске сала кетсек, бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда «омикрон» штамы катталганын маалымдаган. Жаңы жылдык эс алуулардан кийин коронавируска жана пандемияга чалдыккандар кескин көбөйдү. 12-январга карата 465 адамдын COVID-19 жугузуп алганы аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM