Биз менен байланышыңыз

10 саатка созулган жыйын: Жогорку Кеңеш түзүмүн тактады

Саясат | 12 Янв 2022 | 1256 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 12-январда өткөн отурумда парламенттин түзүмүн жана курамын бекитишти. Кабыл алынган токтомго ылайык, Жогорку Кеңеште үч вице-спикер жана 8 комитет болот. Парламенттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин буга чейинки отурумунда анын түзүмүн иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, төрагалыгына Султанбай Айжигитов дайындалган.

Бүгүн Султанбай Айжигитов комиссия иштеп чыккан Жогорку Кеңештин түзүмүн сунуштады. Ага ылайык, Кыргыз парламенти төрага, 3 орун басар, 8 комитет, 6 фракция, 1 топтон куралды.

Комитеттер төмөнкүдөй аталышта түзүлдү:

  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти;
  2.  Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргонуу, тышкы маселелер жана миграция;
  3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү;
  4. Социалдык саясат, социалдык камсыздоо, үй-бүлө, жумуш менен камсыз кылуу, маалыматтык саясат, мамлекеттик тил жана дин саясаты;
  5. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты;
  6. Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш;
  7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат;
  8. Укук тартиби, кылмышка, коррупцияга каршы күрөшүү.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар депутаттар комитеттердин аталаштарын өзгөртүүнү, кайра карап чыгууну сунушташты. Ошол эле учурда айрым депутатттар ишти алдыга жылдыруу үчүн комиссия сунуштаган түзүмдү кабыл алуу керектигин айтышты. Ага жооп катары экинчи тараптагы депутаттар шашылыш иш алып баруунун кереги жок экенин эскертти. Талкуу соңунда бүткүл комитет тартибинде иштеген парламент сунушту колдоого алды.

Ага ылайык, төраганын үч орун басары кызматына фракциялар жана топтор талапкер көрсөтүштү. Шайлоо жашыруун добуш берүү  жолу менен өттү. Төраганын үч орун басары кызматына төрт депутат сунушталып, жыйынтыгында төмөнкүдөй добуш алышкандыгын эсептөө комиссиясынын төргагасы Таалайбек Масабиров билдирди:

«Добуш берүүгө 87 депутат катышып, 2 бюллетень жараксыз болуп, 3 бюллетень керектен чыгарылган. Жамиля Исаевага 74 депутат, Нурбек Сыдыгалиевге 74 депутат, ал эми Нурланбек Азыгалиевге 38 депутат, Улан Примовго 59 депутат «макул» деп, 1 депутат баарына каршы добуш берген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп Нурбек Сыдыгалиев, Жамиля Исаева, Улан Примов шайланышты».

Андан соң комитеттердин төрагалыгына талапкерлер сунушталды. Сунуштоо учурунда депутат Адахан Мадумаров буга чейин эле кимдер комитет башына жетекчи болуп келе турганы анык болгонун айтып, добуш берүүгө батыраак өткөрүүнү өтүндү.

Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев комитеттердин төрагаларын шайлоо жөнүндө чечимди тааныштырды. Андан соң добуш берүү жашыруун бюллетень салуу жолу менен өттү.

Биринчи жолку добуш берүүдө конституциялык ченемдер бузулганын айткан Адахан Мадумаров ушул эле талапкерлерди кайра шайлоону сунуштады. Тактап айтканда, эки депутаттын добушу ишеним каттын негизинде башка депуттар тарабынан берилген. Конституция боюнча жашыруун добуш берүүдө ар ким өзүнүн атынан гана добуш бере алат.

Бир катар талаш-тартыштардан соң депутаттар кайра шайлоо өткөрүүгө макул болушту. Анын жыйынтыгы менен:

  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине Медербек Алиев;
  2.  Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитетине Жанарбек Акаев;
  3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине Аманкан Кенжебаев;
  4. Социалдык саясат, социалдык камсыздоо, үй-бүлө, жумуш менен камсыз кылуу, маалыматтык саясат, мамлекеттик тил жана дин саясаты комитетине Динара Ашимова;
  5. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине Азизбек Турсунбаев;
  6. Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине Бактыбек Сыдыков;
  7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетине Данияр Төлөнов;
  8. Укук тартиби, кылмышка, коррупцияга каршы күрөшүү комитетине Сүйүнбек Өмүрзаков төрага болуп шайланышты.

Жогорку Кеңештин эртеңки отурумунда комитеттердин курамы такталып, орун басарлары шайланат. Төрага жыйын саат 14:00дө башталарын эскертип өттү.

Copyright © 2017 Maral FM