Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 30 мектепке оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 137 | 0

ERIK долбоорунун алкагында 30 мектепке кайра куруу, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тизмеге өлкөнүн бардык аймактарындагы кооптуу делген мектептер атайын комиссиянын чечими менен тандап алынган. Алардын 14ү авариялык абалда, бузуп, кайра салынуусу кажет. 16 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт.

Мектептерди оңдоодо же кайра салууда сейсмикалык, энергетикалык, табигый-экологиялык, гигиеналык-санитардык жана башка коопсуздук талаптары толук сакталат.

Коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган ERIK долбоорун Кыргыз Өкмөтүнүң колдоосу астында Дүйнөлүк банк каржылайт.

Учурда Кыргызстандын эң кооптуу делген аймагында деп эсептелген 10 мектепти кайра салуу же оңдоодон өткөрүү үчүн документтер даярдалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM