Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыгынан качып кеткен айдоочу кармалды

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 172 | 0

Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-декабрында саат 02:30дар чамасында Бөкөнбаев-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу белгисиз унаа менен 60 жаштагы жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Милиция кызматкерлери 32 жаштагы Toyota Corolla унаасынын айдоочусун таап, кармашып, кошумча иликтөө үчүн Бишкек ШИИБине жеткиришти.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM