Биз менен байланышыңыз

Математика боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 397 | 0

Математика боюнча республикалык олимпиадага 9-10-11-класстардын 23 миңден ашык окуучусу катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Биринчи тур онлайн өтүп, эки саат аралыгында текшерүү ишин 11 миңге жакын окуучу тапшырган.

Комиссиянын чечими менен экинчи турга 72 окуучу өткөн.

Жыйынтыгында 9-класстар арасында төмөнкү окуучулар алдыңкы орун алышты:

  1. Русланов Темирлан, Бишкек шаарындагы №61 Физика-математика багытындагы автордук окуу комплексинин окуучусу;
  2. Мурзаканов Шумкар, Мамытов Адыл, жогорудагы билим берүү мекеменин окуучулары;
  3. Курбанбекова Алиенора, Баткен райондук гимназиясынын окуучусу, Исмаилова Аделина, Ак-Суу районундагы Бейшенов орто мектебинин окуучусу.

10-класстардын арасында төмөнкү окуучулар жеңүүчү аталышты:

  1. Искандеров Элдар, «Газпром» орто мектебинин окуучусу;
  2. Ыдырысова Нуркыз, Бишкек шаарындагы №9 окуу-тарбия комплексинин окуучусу, Исманалиев Сулайман, Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин орто мектебинин окуучусу;
  3. Султанова Элвира, Ысык-Ата районундагы А. Айталиев орто мектебинин окуучусу, Арстанбеков Амантур, Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин орто мектебинин окуучусу.

11-класстар боюнча төмөнкү окуучулар орун алды:

  1. Саралинов Рустам, Бишкек шаарындагы №4 орто мектебинин окуучусу,
  2. Жээнтаев Бектур, Бишкек шаарындагы №61 Физика-математика багытындагы автордук окуу комплексинин окуучусу, Канатбекова Кайыркүл, Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева мектеп-гимназиясынын окуучусу;
  3. Мадиев Марат, Бишкек шаарындагы М. Ломоносов окуу-тарбия комплекси, Пак Александр, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын окуучусу, Дубанаева Динайым, Бишкек шаарындагы №52 орто мектебинин окуучусу.

Айта кетсек, олимпиада Кыргыз-швед физика-математика окуу комплексинде өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM