Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тымызын тыюу салууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 336 | 0

Өзбекстан Казакстандагы окуяларды чагылдырууга, ал боюнча материал жасоого тымызын тыюу салууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Казакстандагы окуялар тууралуу видео жана электрондук материал жасаган журналисттерди, блогерлерди укук коргоо органдары суракка чакырып, «видеолорду таратпоо», «өзбек элин да митингге үндөбөө» талабын коюшкан.

Атын атагысы келбеген өзбек блогер тыюу салууну Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматы ишке ашырып жатканын айтып, «Мен өз каналыма Казакстандагы окуя боюнча эки-үч видео жайгаштыргам. Кийин Маалымат жана байланыш агенттиги видеолорду өчүрүүмдү суранды», — деген.

Ал эми дагы бир блогер Казакстандагы окуялар жөнүндө жазылган социалдык тармактагы посттор үчүн жашыруун профилдерден коркутуулар болуп жатканын кабарлаган.

Ал эми Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Казакстандагы окуялар боюнча чектелген гана кабарларды берип жатканын айтат «Азаттык».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM