Биз менен байланышыңыз

Токаев: ЖККУ аскерлери Казакстандан эки күндөн кийин чыгарыла баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 321 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери эки күндөн кийин акырындык менен чыгарыла баштаарын маалымдады.

«ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктады. Эки күндөн кийин акырындык менен чыгарыла баштайт. Аскерлерди чыгаруу он күндөн ашпайт», — деди Токаев.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Жагдай боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январда кайрылуу жасап, ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн жардам сураган. Сунушту кабыл алган ЖККУ мамлекеттери Орусия 1400, Армения 300, Беларусь 400, Тажикстан 100, Кыргызстан 150 аскер жөнөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM