Биз менен байланышыңыз

Былтыр жазасын өтөп бүткөн 13 тажикстандык Кыргызстандан чыгарылды

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 322 | 0

2021-жыл ичинде Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран өлкө аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 адамдын 13ү Тажикстандын, экөө Өзбекстандын, төртөө Казакстандын жарандары.

Былтыр январь айында Чүй облусунун аймагында Казакстандын 1987-жылы туулган Ч.К. аттуу жараны баңгизаттарга байланышкан кылмыш жасаганы үчүн кармалган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан 1 жыл 5 айга эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгаруу жөнүндө сот өкүмү чыккан.

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрель айында миграциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Тажикстандын жарандары мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндүктөрү, чек араны мыйзамсыз өткөнү аныкталган.

2021-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстандын 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жараны жасалма документтерди колдонгондугу жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган.

Ал өз мекенинде оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун өкүмү менен 2 жыл 6 айга эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу чечим чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM