Биз менен байланышыңыз

«Казакстандагы окуялар ал жактагы кыргыз мигранттарына таасир этет»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Янв 2022 | 469 | 0

Казакстандагы акыркы окуялар ал жакта жашап-иштеп жаткан башка мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да олуттуу таасир этет. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аларга кысым көрсөтүлө баштаары турган иш.

«Митингге же башка окуяларга көмүскө же алысыраак тиешеси барлар болсо, алардын жоопкерчилиги абдан чоң болуп калышы мүмкүн. Кээ бир ыплас иштеген укук коргоо органдары башка өлкө жарандарынын катышы бар деген багыттын негизинде аларды жоопко тартканга же айып салганга бардык аракеттерди жасашы мүмкүн. Экинчиден, Казакстанда болуп жаткан окуялардын таасири Кыргызстанга ачык тийбесе да, өзүнүн бир таасирин калтырат. Жеке эле Кыргызстанга эмес, Орто Азиядагы мамлекеттерге жана көп авторитардык-тоталитардык режимде турган мамлекеттерге таасири тиет», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM