Connect with us

УКМК: Орусиядан дары ташыган аткезчи кармалды

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 425 | 0

Кыргыз-казак чек арасынан дары-дармекти аткез жол менен алып өтүүгө аракет жасагандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

«Чоң-Капка» постунан Т.А. аттуу жаран айдаган «Вольво» унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда унаадан жалпы баасы 10 млн сомду түзгөн аткез товарлар, анын ичинде 224 куту дары-дармек табылган.

Кармалган жарандын жанында товар алып өтүүгө атайын уруксат документтери болгон эмес, ошондой эле дары ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылбаган.

Жарандын Орусиядан келатканы, Казакстан аркылуу Кыргызстандын түштүк аймактарына өтүп баратканы белгилүү болгон.

Учурда факты боюнча иликтөө, товардын чыныгы ээсин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM