Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Жамбыл облустук милициясынын жетекчиси өз жанын кыйды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 10478 | 0

Казакстандын Жамбыл облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жанат Сулейменов өз жанын кыйды. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматты Казакстандын Ички иштер министрлиги да тастыктаган. Генерал Сулейменовдун өзүнө кол салуусуна «өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишин козгойбуз» деген коркутуулар себеп болгону айтылууда.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Учурда Казакстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, антитеррордук иликтөөлөр боюнча иштер уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM