Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Казакстанды адам укугун коргоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 223 | 0

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана саясий коопсуздук кызматынын жогорку өкүлү Жозеп Боррель Казакстандагы жагдайга байланыштуу пикирин айтып, Евробиримдик маселени тынч жол менен чечүү үчүн көмөктөшүүгө дайын экенин кабарлады.

«Биз, Европа Биримдиги, Казакстандагы тынчтык митингинен кийин башталган башаламандыкка, андан келип чыккан зордук-зомбулукка тынсызданып жатабыз. Адам өлүмүнө терең кайгыруу менен бирге, зомбулук актыларын айыптайбыз. Казакстан бийлигин мындан ары зордук-зомбулукка, чагымчыл адаттарга, тынч нааразычылык акцияларын башка максатка пайдалангандарга жол бербөөгө, сабыр сактоого чакырабыз. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган келишимде көрсөтүлгөн өз милдеттенмелерин так аткаруусун, адам укугун жана сөз эркиндигин, жарандардын оюн айтуу, чогулуш өткөрүү, маалымат алуу эркиндигин коргоосун өтүнөбүз. Жагдайды тынч жол менен чечүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деп айылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Жамаааттык коопсуздук келишим уюмуна жана Орусияга (ЖККУ) кайрылып, Казакстандын эгемендигин эске алууга үндөгөн.

«Сырттан кирген аскердик жардам Казакстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана адам укугун коргоо аркылуу жүзөгө ашууга тийиш», — деген Жозеп Боррель.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM