Биз менен байланышыңыз

Юстиция министрлиги Викрам Рузахуновду кыйноо боюнча иш козгоону суранды

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 445 | 0

Юстиция министрлиги Викрам Рузахуновду кыйнаган факты боюнча кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн Башкы прокуратурага жөнөткөнүн маалымдады.

Такталгандай, көзөмөл органына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Казакстанга эл аралык буйрук-суроо да жөнөтүлөт.

«Башкы прокуратурага кайрылууга Кыргызстандын жараны Викрам Рузахуновдун кыйноонун издери даана көрүнүп турган видеотасмасын таратуу фактылары, ошондой эле массалык баш аламандыкка катыштыгы бар деп өзүн-өзү күнөөлөгөн фактылар негиз болгон.

Эгерде Викрам Рузахуновго Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин юристтери жана консулдук кызматкерлери менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбесе, бул иш күнөөсүн далилсиз мойнуна алуу үчүн чет өлкөлүктөргө карата кыйноонун масштабдуу көрсөткүчү болуп калышы мүмкүн», — деп билдирди Юстиция министрлиги.

Белгилей кетсек, кыйноолорго тыюу салуу ар бир мамлекеттин абсолюттук эл аралык милдети болуп саналат.

Министрлик Казакстандын күч түзүмдөрү консулдуктун кызматкерлери менен адвокаттарынын Кыргызстандын бардык камактагы жарандарына, анын ичинде Викрам Рузахуновго кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш экенин белгиледи.

Буга чейин казакстандык жергиликтүү телеканалдардын биринин эфиринде кармалгандардын бири Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжет көрсөтүлгөн. Маалыматта 1-январда айрым адамдар кыргызстандык жаранга телефон чалып, митингге 200 долларга катышууну сунушташканы айтылат. Кадрлардан эркектин бетинде ур-токмокко алуу ыктымалынын издери бар экенин көрүүгө болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM