Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Казакстанда улуттук аза күтүү күнү

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 205 | 0

Бүгүн, 10-январь Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү деп белгиленип жатат. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, өлкөнүн бир катар аймактарында болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алган. Бүгүн Казакстанда бардык мамлекеттик желектер түшүрүлөт.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM