Connect with us

Шарапаткан Мажитова Казакстанга 5-6 депутатты да жөнөтүүнү сунуш кылды

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 711 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Казакстанга аскердик кызматкерлерди жөнөтүүдөн тышкары гуманитардык, медициналык жардам көрсөтүү керектигин сунуштады. Андан тышкары Жогорку Кеңештин 5-6 депутатын да жөнөтүү керектигин айтты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Казакстанда абал курч бойдон турганын айтып, казак бийлиги жалпы республика аймагын кооптуу деп жарыя кылганын эскертти.

— Казак бийлиги жалпы республика аймагын террордук аракеттердин кызыл зонасы катары кабыл алды. Алдыда ошого жараша операциялар жүргүзүлөт. Ал жакта ар кандай террордук топтор пайда болуп, маселе жаралып жатат. 

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM