Биз менен байланышыңыз

Дюшенбиев: Казакстанда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Учурда өлкөнүн түндүк аймактарында жабыркаган Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшенбиев билдирди.

Анын айтымында, элчилик кыргыз эли менен диаспора аркылуу да үзгүлтүксүз байланышта.

«Алматы аэропортунда Кыргызстандын жарандары бар экенин билдиребиз. Алардын так саны такталууда. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги толугу менен коопсуз экенин билдирген жарандардын бири менен тынымсыз байланышта. Жараныбыз менен жеке өзүм байланышып, ден соолугунун абалы жана алардын жүрүү шарттары тууралуу билдим. Шаарда жана түз аэропортто түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздук чараларын сактоо боюнча сунуштарды бердим» — деп билдирген ал.

Ошондой эле Казакстандын түштүк аймагындагы кырдаалга Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу да көз салып турат.

Элчи ошондой эле Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын бардык коопсуздук чараларын сактоого чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM