“Манас” эл аралык аэропортуна Казахстандан жеке учактар келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматы билдирли.
Маалыматка ылайык, ушул убакка чейин Казахстандан Бишкекке учак конуу үчүн өтүнүч же кайрылуу болгон эмес.
Бүгүн гана Алматыдан бош Tez Jet учагы келди, ал буга чейин Ош-Алматы багытында чартердик каттам аткарган.
Үзгүлтүксүз каттамдардан болгон «Эйр Астана» авиакомпаниясынын бүгүнкү Алматы-Бишкек-Алматы каттамы токтотулган.