Бүгүн, 5-январда Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов тарабынан уюштурулган «Мен мугалим болгум келет» республикалык эссе сынагынын жеңүчүүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынактын биринчи этабына Кыргызстандын 7 облусунан 600дөн ашык дилбаян келип түшкөн. Аларды 15 мыкты адис окуп чыгып, 60тан ашуун дилбаян ээси финалга чыккан. Финал 2021-жылдын 28-декабрында зум аркылуу онлайн өткөн.
Дүйшөн Шаматов уюштуруу иштеринде колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.
Бүгүн сыйлык тапшыруу аземи Бишкек шаарында уюштурулуп, сыйлык ээлери баалуу белектер менен сыйланды.
1-орунду Рахат кызы Салтанат алды. Ал Нарын областынын Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу. (Ноутбук)
2-орунду Балбаева Таңсулуу алды. Ал Ош облусунун ,Кара- Кулжа районунун,Кара- Кулжа айылындагы Сайдилканов мектебинин 11-классынын окуучусу. ( Уюлдук телефон)
3-орунду Маматаев Азирет ээледи. Ал Ош шаарындагы «Билим» лицейинин 10-классынын окуучусу (Акчалай сыйлык).