Бүгүн, 5-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 16 млн куб метрди түздү.
Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Суунун агып келиши секундасына 164 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.