Биз менен байланышыңыз

Түштүк Африка парламентинин имараты өрттөнүп жатат (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2022 | 653 | 0

Түштүк Африка парламентинин имараты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Кейптаун шаарынын мэриясы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Имараттын өрттөнүп жатканы боюнча маалымат Кейптаун шаарынын өрттөн куткаруу кызматына таңкы саат 5:00дө (Бишкек убактысы боюнча 9:00) келип түшкөн. Алдын ала божомолго караганда өрт алгач үчүнчү кабаттагы иш бөлмөлөрдүн биринен башталып, спорт зал аркылуу имаратты каптаган.

Кейптаун мэриясынын алдындагы коргонуу жана коопсуздук комитетинин кызматкери Жей По Смит басылмаларга алоо жалын чатырына чейин каптап кеткенин, өрт чектөөгө алына электигин билдирген.

Анын айтымында, чатырдагы битум эрип, имараттын дубалынан жарака кеткен.

Түштүк Африка парламентинин имараты үч бөлүктөн турат. Алгачкы бөлүгү XIX кылымда, тагыраагы, 1884-жылы салынган. Кийинчерээк 1920-жылы экинчи бөлүгү, 1980-жылы үчүнчү бөлүгү кошумчаланган.

Өлкөнүн парламенти — мыйзам чыгаруучу орган, ал Аймактардын улуттук кеңеши, Улуттук жыйын аттуу эки палатадан турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM