Биз менен байланышыңыз

«Шамбала» тасмасы бир эле фестивалдан 7 номинация жеңип алды

Кыска кабар | 2 Янв 2022 | 512 | 0

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарткан «Шамбала» тасмасы Иранда өткөн Moving Film эл аралык кинофестивалынан 7 номинацияны жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кинофестиваль 28-декабрдан 31-декабрга чейин өткөн. Анда «Шамбала» тасмасы төмөнкү номинациялар боюнча сыйланган:

«Мыкты оператор» — Акжол Бекболотов, Мурат Алиев;

«Мыкты композитор» — Мурзали Жээнбаев;

«Мыкты үн режиссёр» — Бакыт Ниязалиев, Калыбек Шерниязов;

«Мыкты монтаж» — Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов, Элдияр Мадаким;

«Мыкты грим» — Айгүл Кыдыралиева;

«Мыкты кийим» — Айгүл Кыдыралиева;

«Мыкты визуалдык эмгек» — Элдияр Мадаким, Изат Абдраимов.

«Шамбала» тасмасы дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин да «Оскар» сыйлыгынын «Мыкты чет элдик тасма» номинациясы боюнча узун тизмесине кирген. Орусиядагы беделдүү «Ника» сыйлыгын алган. Азия тасмаларынын дүйнөлүк фестивалында «Көрүүчүлөрдүн жактыруусу» номинациясы менен сыйланган. Мындан башка да бир катар сыйлыктарга жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM